• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутат: Бишкектин абасын тазартуу боюнча иштер жүрбөсө өкмөттүн отставкасын талап кылам

19 Бештин айы 2019 11:03 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкектин абасын тазартуу боюнча алгылыктуу иштер жүрбөсө өкмөттүн отставкасын талап кыларын билдирди. Депутат парламенттин 19-декабрдагы жыйынында өкмөткө газдаштырууну тездетүү керектигин айтып, бул ишке 4-5 млн. сом каражат кетерин кошумчалады.

Ал Бишкектеги кара түтүндүн 80 пайызы Жылуулук электр борборунан чыккан түтүндөн болуп жатканын, борбор модернизация болгондон кийин сапатсыз көмүр жагылып жатканын билдирди.

Бул маселени эл, депутаттар көтөрүп жатат бирок өкмөт көзгө көрүнөрлүк иш кыла элек. Же буга тиешеси бар кызматкерлерди жоопко тартпай жатасыңар. Эгерде мындан ары да ушинте берсеңер мен өкмөт кетсин деген маселени коём», — деди Маматалиев.

Количество просмотров: 116