• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Депутат Фарходбек Алимжанов БШКнын чечимине каршы сотко кайрылат

6 Теке 2023 16:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжанов БШКнын чечими боюнча Govori.TVга комментарий берди.

«Азыркы тапта Кара-Сууда эл менен жолугушуп жүрөм. Маалыматты социалдык тармактардан окудум. Биз окуганбыз, диплом жасалма эмес. БШКнын чечимине каршы сотко кайрылам»,-деди Алимжанов.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлдагы жыйынында депутаттар Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратуу боюнча чечим чыгарган.

Комиссиянын маалыматына караганда, жогорку билими тууралуу диплом Фарходбек Алимжановго ченемдик укуктук актыларды одоно бузуу менен берилген, анткени ал 2012 жана 2015-жылдары өлкөдөн тышкары жүргөндүктөн экзамендерди кайра тапшыра алган эмес. Ал эми «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаиловдун диплому боюнча комиссия Кыргыз улуттук университетинин «бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигине кабыл алынган студенттердин катарына катталбаганын аныктаган.

Количество просмотров: 226