• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Мандаттан кол жууган Исмаилов менен Алимжанов БШКны сотко берди

11 Теке 202314:46 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча сотко арызданды.

Бишкек шаардык административдик сотунан билдиришкендей, Исмаиловдун арызы боюнча баштапкы соттук угуу 17-июлга, ал эми Алимжановдуку боюнча 18-июлга белгиленген.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Буга жасалма диплом маселеси себеп болгон. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөн жылы марттан тарта УКМК бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын жана кош жарандуулугун текшере баштаган.

Количество просмотров: 135