Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган Фарходбек Алимжанов журналисттердин суроолоруна жооп берип, диплом чыры боюнча үн катты.
Анын айтымында, БШКнын чечимине каршы арыз сотто каралууда.
«28-сентябрда сот болот. Дагы бир аптадай убакыт бар, депутаттар БШКдан маалымат талап кылып жатышат. Кичине убакыт берсеңиздер баарын ачык айтабыз»,-деди ал.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 6-июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары Фарходбек Алимжанов (“Альянс”) менен Фархат Исмаиловду (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) мандатынан ажыратты. Буга алардын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы негиз болду. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөн жылы марттан тарта УКМК бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын жана кош жарандуулугун текшере баштаган.