• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жасалма диплом: Исмаилов менен Алимжанов депутаттык мандатынан ажырады

6 Теке 2023 16:24 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов мандатынан ажырады. Мындай чечим БШКнын 6-июлда өткөн жыйынында кабыл алынды.

Комиссиянын маалыматына караганда, жогорку билими тууралуу диплом Фарходбек Алимжановго ченемдик укуктук актыларды одоно бузуу менен берилген, анткени ал 2012 жана 2015-жылдары өлкөдөн тышкары жүргөндүктөн экзамендерди кайра тапшыра алган эмес, муну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматыны маалыматы да тастыктайт.

Ал эми «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаиловдун диплому боюнча комиссия Кыргыз улуттук университетинин «бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигине кабыл алынган студенттердин катарына катталбаганын аныктаган.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тапшырмасы менен билим берүү министрлигинде депутаттын дипломунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Количество просмотров: 222