• Жума 20 Аяк оона 2019
    • USD
    • EUR
    • RUB
    • KZT
  • Бишкек 19°C

Депутат Икрамовдун айдоочусу журналистти жакалап коркутканбы? (видео)

20 Аяк оона 2019 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.09.2018. Govori.TV
Бул окуя, 20-сентябрда Чүй менен Эркиндик проспектилеринин кесилишинде болгон. Айдоочунун аракетине айран таң калган күбөлөр Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистин чакырышкан. Агенттиктин кеңсеси окуя болгон жерге жакын жайгашкан. Жерине келген журналист телефонуна тартып баштаганда, айдоочу ага атырылып, жакалап телефонду алууга аракет кылган. Бул учурда айдоочу журналистти коркутуп, сөккөн. Алардын жаңжалына инспекторлор кийлигишип, араң ажыратып калышкан. Бирок бул учурда токтотулган жол тандабастын ичинен жүргүнчүсү чыгып, журналистке тап берип, атырылган. Бул жолу да милиция кызматкерлери аны токтотуп калган.
Көзүнө эч нерсени илбеген Lexus 570 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусунун аракети инспекторлордун камерасына да тартылып калган. Анда кара футболка менен кепке кийген киши инспекторлордун жанына келип, андан кийин Sputnik агенттигинин журналистине атырылып, уюлдук телефонун тартып алганын көрүүгө болот. Бирок милиция кызматкерлери телефонду журналистке кайтарып беришкен.
Жыйынтыгында инспекторлор протокол түзүп, мамлекеттик номери 02KG 570 AAA болгон Lexus 570 автоунаасын айып короого токтоткон.
Эске салсак, ушул эле автоунаа менен Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жүрөт.
Ал эми депутаттын өзү менен байланышып, айдоочусу катышкан окуя тууралуу пикир алууга мүмкүн болгон эмес.

 

Булак:Спутник

Количество просмотров: 1