• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутат Иманалиевди кемсинтти деген өкмөт башчынын маалымат катчысы жазаланды

2 Бугу 2020 22:08 Бишкек Govori.TV

30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев кыргыз өкмөтү Казакстандын мыйзам долбоорун көчүрүп алган деп сын айткан эле. Ага жооп кылып өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев “өндүрүш ишканалары Нарын дарыясындагы мифтик крокодилдер эмес» деген билдирүү жазган. Бул коомчулук тарабынан талкууланып, ар кыл пикирлер жаралган.

Көп өтпөй парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирүү жазып, 1-майда премьер-министрдин маалымат катчысынын билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевди кемсинткен сөздөрдүн кошулуп кетиши өкүнүчтүү деген пикирин айтты.

Нуракун уулунун айтымында, депутат 30-апрелдеги жыйында өкмөттөн өзү даярдаган токтом долбоорундагы айрым бир кемчиликтерге көңүл бурууну талап кылган. Өкмөттү түздөн-түз бекиткен бийлик бутагы катары эл өкүлдөрү ар дайым бул сыяктуу сындарды айтып келген жана мындан кийин да айта бермекчи.

“Жогорку Кеңештин депутатына премьер-министр токтомдо айтылган тармактардын тизмесин тактап беребиз деп жыйын учурунда сылык гана формада жооп берген эле. Бирок эртеси күнү өкмөт башчынын расмий өкүлү тарабынан эл өкүлүн келекелөөгө жол берилгени биз үчүн түшүнүксүз. Бул жагдайга байланыштуу тиешелүү кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат, же кур дегенде кечирим сурайт деп үмүттөнөбүз”, — деп жазган И.Нуракун уулу.

Ал эми бүгүн өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына өкмөттүн расмий билдирүүсүн таратты.

Ага ылайык, маалымат катчынын билдирүүсүн толук бойдон өкмөттүн көз карашы катары кабыл алууга болбой турганы айтылган. Мындан тышкары, өкмөт башчы тарабынан кызматкерге дисциплинардык чара көрүлөөрү кошумчалаган.

Количество просмотров: 485