• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Канат Исаев казак депутаттарын улак тартышка чакырды

25 Бирдин айы 2019 11:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев казак депутаттарын улак тартышка чакырды. Бул тууралуу 23-февралда «Ак-Кула» ат майданында өткөн улак тартышта билдирди.

Депутат казак эл өкүлдөрүн ат майданда күч сынашуу менен тай-казан талашын дагы чечип алууну сунуштайт.

«Тай казан керекпи-жокпу деген суроолор бар. Улан тартышып, ошону дагы ат үстүндө чечели», — дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, 23-февралда Жогорку Кеңеш, өкмөт, журналисттер жана Спорт, дене-тарбия агентигинин ортосунда улан тартыш өттү. Мелдешти парламенттин депутаттары утуп алышты. Анда Дастанбек Жумабеков, Мирлан Бакиров, Нурбек Алымбеков, Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Нурбек Тотонов, Канатбек Исаев, Бактыбек Райымкулов, Өмүрбек Бакиров, Урматбек Самаев, Курманкул Зулушев жана Тазабек Икрамовдор ойношту.

Финалга өкмөт менен депутаттар чыгышкан. Оюн 0-2 эсеби менен аяктады.

Булак: 24kg

Количество просмотров: 29