• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат Канат Исаевдин иниси, генерал-майор Талантбек Исаевге карата кылмыш иши токтотулду

4 Бештин айы 2019 15:27 Бишкек Govori.TV

Депутат Канат Исаевдин иниси, генерал-майор Талантбек Исаевге карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 1-бөлүгү (“Кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирүү”) боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган.

«Ички иштер министирлиги териштирүүдөн соң, Талантбек Исаевдин 2011-жылдын 30-майында «Манас менеджмент» компаниясынын вице-президентти болуп турган убакта директорлор кеңешинин чечими менен пайыссыз насыя алып, кийин толугу менен төлөгөндүгу аныкталган. Ошондой эле, Исаевдин мындай аракети «Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамга каршы келбей турганы жана Кылмыш жазык кодекси боюнча кайсы бир кылмыштын элементтери жок экендиги айтылган. Буга байланыштуу 3-декабрда Талантбек Исаевге карата кылмыш иши токтотулду»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 228