• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Депутат «Коопсуз шаар»долбоорун ишке ашыра албай жаткан өкмөттү сынга алды

11 Тогуздун айы 2018 10:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.

«Коопсуз шаар» боюнча парламентке премьерди чакыруу керек.Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев айтты. 
Мында депутат, «Коопсуз шаар» боюнча жети жолу конкурс жарыяланып, бирок жетинчи жолу да өткөрө албай жаткан Өкмөттү сынга алды.
«Бир адамдын да өмүрү биз үчүн абдан кымбат болушу керек. Эми мамлекеттик орган өзү туура эмес конкурс өткөрүп алып, сотко берип жатат. Бул деген убакытты созуу, «Коопсуз шаарды» ишке ашырбоого болгон аракет. Керек болсо премьер-министр өзү келсин. 2012-жылдан бери жетинчи жолу конкурс жарыяланып, жетинчи жолу өткөрө албай жатышат. Мындай өкмөттүн кереги барбы?»,-деди эл өкүлү.
Количество просмотров: 29