• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутат мамлекеттик кызматкерлерди электен өткөрүүнү сунуштады

13 Бештин айы 2018 11:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.12.2018.Govori.TV.

13-декабрда парламент жыйында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев коррупция менен күрөшүү боюнча кайрылуу жасап, өлкөдөгү саясий, коомдук абал боюнча пикирин билдирди. Ал өкмөткө, парламенттеги фракция жетекчилерине кайрылып, чечкиндүү кадамдарга барууну сунуштады.

«Мамлекеттик кызматкер пара менен кармалды, уячалардан миллиондогон акча чыкты. Улуттук банктын төрагасы өз насыясын жокко чыгарды. Сотторго иш козголуп, Баткенде прокурорго мамлекеттик кызматкер кол салды. Буларды эл көрүп турат. Биз кайда баратабыз? Президенттин коррупцияны ооздуктоо аракетин колдобогон аткаминерлердин курамын кайра электен өткөрүү зарыл»,-деди эл өкүлү.

Мындан сырткары депутат Транспорт министрлигиндеги коррупциялык системаны жоюу жана парламент өкүлдөрүнүн арасынан тандап мамлекеттик кызматтарга коюуну сунуштады.

Количество просмотров: 15