• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутат Момбеков “Көчмөндөр эмес, көпкөндөр жөнүндө”,- сөз кылууну туура көрдү

13 Аяк оона 2018 11:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.09.2018. Govori.TV
Эл өкүлү Рыскелди Момбеков,  ЖК тин жалпы жыйынында Алма-Ата шаарында болгон конгрессте орусиялык Андрей Беленеевдин, кыргыз өкмөтүнө карата айткан сөзүнө, Өкмөт тарабынан жооп айтылбаганын сындады.
Момбековдун айтымында кыргыз өкмөтүнүн жооп айтпагыны, анын оюу менен макул болгону менен барабар.
Кошумчалай кетсек,  “Көчмөндөр оюну — ири мелдеш эмес”! Мындай пикирди Казакстандын Улуттук спорт федерациясынын президенти, межилис депутаты Бекболат Тилеуханов айткан.
Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Казактын “Көк бөрү” командасы Өзбек командасына жеңилип калганына байланыштуу маалымат берип жатып , «Бир четинен алганда бул Азия же Дүйнө чемпионаты эмес. Алардын жанында бул жөнөкөй гана фестиваль. Ошондуктан биз жаштар командасын жибердик. Алар дагы тажрыйба топтошу керек», — деп билдирген Тилеуханов.

Количество просмотров: 39