• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутат жөнөкөй паспорт менен Орусиянын аэропортунда 1 саат турган

3 Бугу 2023 19:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жыйында Орусияга учкан кыргыз жарандары паспорттук текшерүүдө кыйынчылыктарга кабылып жатканын айтып, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге суроо узатты.

«Урматуу министр, Орусия Федерациясына учуп, Москва шаарындагы паспорт текшерүү жайынан бир окуяга туш болдум. Анда кыргыз жарандарынын документтерин текшерип, бир-экөөнү башка бөлмөгө алып кетти. Мен дагы дипломатиялык паспортту эмес, катардагы өздүгүмдү тастыктоочу документти берип көрөйүнчү дедим. Мени дагы ошол жака алып кетти. 8-9 кишини бир сааттай кармашты. Аягында чыгып, паспортубузду колубузга беришти. «Себеби эмнеде? Эмне үчүн кармадыңар?» десек биз паспортту текшердик, анткени шектенүү болгонун жүйө кылышты. Арабызда эски жана жаңы берилген паспорт менен тургандар бар экен. Түшүнүксүз болуп калды. Эмне үчүн бир саат бизди кармашты, жооп ала алган жокмун»,-деди депутат.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мындай фактылар болуп жатканын билдирип, арыздын негизинде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги менен бирге бул маселени иштеп чыгууга даяр экендиктерин айтты.

Количество просмотров: 202