• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Зулпукаров кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоорун колдогон кесиптештерин сындады

21 Чын куран 2021 13:18 Бишкек Govori.TV

Депутат Төрөбай Зулпукаров жалпы жыйынын учурунда кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоорун колдогон кесиптештерин сындады. Ал азыр ыйык Рамазан айы экенин эске салып, бул мыйзамга добуш берүү VI чакырылыштын депутаттары үчүн эң жаман көрсөткүч болот дейт.

«Биринчиден аппараттын күнөөсү бар. Себеби мыйзам долбоору 8-апрелде талкуулангандан кийин ошол күнү регламент бузулуп, добуш берүү саатында долбоор добуш берүүгө кирбей калган. Ошондуктан үч жума өткөрүп, ушул күнгө алып келген жолубузду оңдоп койсок болот. Добуш берүү ар бириңиздердин укугуңуздар. Азыркы добуш берүү 6-чакырылыштын эң жаман көрсөткүчү болуп калат. Эртең элдин арасына барып жүзүбүздү көрсөтө билели. Ошондуктан бул мыйзамды кайра добушка коюп коюңуз», — дейт депутат.

Ал арада сөз алган 4-5 депутат добуш берүүдө «макул» дегенди басып алганын айтып чыгышты.

Бүгүн, 21-апрелде депутаттар Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер гана кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Долбоорго 91 депутаттын 68и макул, 23ү каршы добуш берди.

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов мыйзам долбооруна кайрадан добуш берүүнү сунуштады, бирок бул сунуш колдоо тапкан жок.

Количество просмотров: 238