Депутаттар, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар жана бир катар белгилүү адамдар президенттен Равшан Жээнбековду үй камагына чыгарууну өтүнүштү. Кайрылууну өзгөртүүсүз толук бойдон беребиз.
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Укук коргоо органдары белгилүү саясатчы Равшан Бабырбекович Жээнбековду 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы учурунда Кылмыш кодексинин айрым беренелерин бузган кадамдарга барган деп эсептешүүдө. 14-декабрда Биринчи май райондук соту аны 2 айга, тагыраагы 9-февралга чейин СИЗО-1де кармоо чечимин чыгарган. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тергөө амалдары жүрө берсин.
Биз, өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө аздыр-көптүр салым кошкон инсандар укук коргоо органдарынын Равшан Жээнбековго карата бул иш-аракеттерин негизсиз деп эсептейбиз.
Равшан Жээнбеков буга чейин укук коргоо органдарынын чакырууларын калтырбай барып, өз көрсөтмөлөрүн берип турган. Ал видеоматериалдар жана күбөлөр аркылуу өзүнүн кылмышка барбаганын, тескерисинче башкаруудан чыккан жаалданган топтор менен милициянын ортосунда көпүрө болуп, спецназдарды коргоп жүргөнүн, элди тынчтыкка чакырып, абалды жөнгө салууга болгон аракетин жасаганын далилдеп келген. Равшан уюштуруучулук иш-аракеттеринин натыйжасында барымтада калган бир катар спецназдарды аман алып калган. Р.Жээнбековдун мыйзамдын алкагынан чыкпаганы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө жана ачык булактардагы толгон-токой фото-видео-тасмалардан ачык көрүнүп турат.
Биз Талас элинин инсандары, Равшан Жээнбековдун сот жана тергөө органдарынан качпай тургандыгына кепилдик беребиз. Себеби Равшан Жээнбековдо андай мүмкүнчүлүктөр көп эле болгон. Кой-Таш окуяларынан кийин чет мамлекеттерге жумуштары боюнча бир нече жолу барып, мекенине кайра кайтып келген.
Равшан Жээнбеков калк арасында ар дайым демократиялык баалуулуктарды туу туткан кесипкөй саясатчы катары белгилүү. Ал саясий кырдаалдарга карап позициясын өзгөртүп турган оомо сапаттан алыс инсан. Ар качан мамлекеттик түзүлүштө системдүү реформаларды сунуштап, бийликке конструктивдүү оппонент кызматын аркалап келген туруктуу оппозициялык ишмер экенин баарыбыз жакшы билебиз. Равшан Жээнбеков эч качан мыйзамдын алкагынан чыкпаган жана башкалардан да ошондой кадамдарды талап кылган саясатчы.
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Сиз чейрек кылымдык чайпалуудан соң өлкөнү оң жолго салып, мурда-кийин кетирилген кемчиликтерди жоюу жана калктын жашоо-шартын жакшыртуу ниетиңизди билдирип келесиз. Биз Талас элинин инсандары, Равшан Жээнбековду, анын 7-8-августтагы Кой-Таш окуясында каршылаш тараптардын ортосунда медиатор катары жасаган иш-аракеттерин эске алып үй камагына чыгарууну суранабыз.