23-январда түнкү саат 00:09 чамасында Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жер титирөө болуп, ал Кыргызстандын аймагында да байкалды. Жер титирөө катталгандан бери Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн коопсуздугу, сапаты, мамлекеттик органдардын табигый кырсыктарды алдын алуудагы даярдыгы тууралуу маселе көтөрүлдү.
Депутаттар табигый кырсыктарды алдын алуудагы өкмөттүн ишине кандай баа берет?