• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутаттыкка талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголду

6 Бештин айы 2021 17:59 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда №30 Ысык-Ата районунун депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековдун катышуусунда видеотасма жарыяланган.

«Бул чагымчыл видеодо А.Таштанбековдун коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат», — деп айтылат билдирүүдө.

2021-жылдын 4-декабрында А.Таштанбековдун аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда («Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу») каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен кылмыш иши козголгон.

2021-жылдын 6-декабрында тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн А.Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылуу жөнөтүлгөн.

Жогорудагы кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, А.Таштанбековдун аракеттерине юридикалык баа берилет.

Количество просмотров: 253