• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Дилшоджон Моминов, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер: “Адамдардын бактылуу жүзүн көргүм келет”

8 Аяк оона 2020 9:00 Бишкек Govori.TV

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Дилшоджон Моминов 1969-жылы 12-апрелде Ош шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кесиби юрист. Ош шаардык кеӊешинин 2 жолку чакырылышынан депутат. 2015-жылы Жогорку Кеӊешке депутаттыкка талапкер болгон. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы, 8 неберенин чоң атасы. 

—Саламатсызбы, алгачкы маекти эмгек жолуңуздан баштасак…

—Өткөн күндөрдөн көп сабак алдым. Эмгек жолумду дүкөндө сатуучу болуп иштөөдөн баштагам. Ал эми жогорку билимди 2004-2009-жылдары МГСУдан юриспруденция жаатында билим алдым. 2003-2011-жылга чейин эки жолу Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайландым. Ош шаарынын бардык ички көйгөйлөрүн билем. Алардын үстүндө иштеп келе жатабыз. Ош шаары бүгүн өсүп-өнүгүүнүн үстүндө. Ага коомчулук күбө. 

—Жашоодо ар бир адамдын багыты болот эмеспи, эрежелер менен турмуштук тажрыйбаңыз тууралуу айтып берсеңиз.

Жашоодо ар бир адамдын багыты болот эмеспи. Көбүнчө кайрымдуулук иштерди жасоого басым кылам. Адамдардын бактылуу жүзүн көргүм келет. Чындыгында өмүр өтө кыска, ошондуктан бири-бирибизге жылуу мамиле кылуу менен Жараткандын астына жарык жүз менен барсак. 

Менин жашоодогу эрежелерим – чынчыл болуу, адилеттүүлүк, өз жүрүм-турумдарына жана иш-аракеттерине жоопкерчиликтүү болуу. Жаш кезимде атам муктаж болгондорго жана колунда жок адамдарга жардам берүү керектигин көп айтчу. Атамдын бул сабагы, осуяты мени менен жашап келет. Бир канча жылдан бери Ош шаарында жана Ош облусунда чоң кайрымдуулук иштери менен алектенем. Кайрымдуулук иштерин жасап жүрүп ар кандай учурларга, түрдүү окуяларга туш болосуӊ. Адамдарга көӊүл буруунун өзү да жакшы нерсе экенин сезип, жылуу маанай, бакыт тартуулоодон ырахат алам.

—Келерки парламент кандай мыйзамдарды кабыл алышы керек?

Учурдагы өлкөбүздөгү коррупциялык көрүнүштөр, сот системасынын абалы, билим берүүнүн сапаты мени тынчсыздандырат. Ошондой эле көзөмөлдөө органынын көптүгү эӊ жөнөкөй эле ишкерликтин өнүгүшүнө тоскоол болуп жатканы өкүнүчтүү. Мамлекет жарандардын жашоосун жакшыртууга, жеӊилдетүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алуусу зарыл. Бул милдет Жогорку Кеӊешке жүктөлөт. Менин дагы башкы максатым – карапайым элдин жашоо деӊгээлин көтөрүүгө, жакшыртууга багытталган мыйзамды жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөө. 

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Количество просмотров: 44