• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Добуш сатып алуу аракети болгон». Бишкек АШК НДПК партиясын эмне себептен жарыштан чыгарганын айтты

19 Чын куран 2021 15:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 18-апрелдеги жыйында НДПК партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында жыйында аталган партиянын үстүнөн жазылган 2 арыз каралган.

«11-апрелде Бишкектеги №1208 шайлоо участкасында НДПК партиясынын эки өкүлү Э.А. аттуу жаран добуш сатып алуу фактысы менен кармалган. Аталган факты аныкталды. Ал саясий партиядагы бир талапкердин жакын досу болгон. Күбөлөр дагы көрсөтмө беришти. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, НДПК мындай чечимге макул болбосо үч күндүн аралыгында Боршайкомго кайрылышы керек»,-деди Маматов.

Шаардык кеңешке шайлоодо НДПКнын тизмесинин сап башында турган Илим Карыпбеков добуш сатып алуу тууралуу дооматтарды негизсиз экенин айтты.

“Эч далилсиз, кайсы бир тараптын пайдасына чыгарылган чечим, буга макул эмеспиз. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылабыз”,-деди ал.

Белгилей кетсек, НДПК Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо жети пайыздык чектен өткөн алты партиянын ичинен маарага үчүнчү болуп келген.

Количество просмотров: 124