• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Дональд Трамп менен жубайы коронавируска чалдыкты

2 Тогуздун айы 2020 15:00 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус жуктуруп алды.  Бул тууралуу Трамп «Твиттерге» жазды.

Президенттин жеке дарыгери Шон Конли «Президенттин жана биринчи айымдын абалы жакшы, алар айыгып кеткенче Ак үйдөгү өз бөлмөлөрүндө болуша турганын кабарлаган.

Мурдараак Дональд Трамптын жакын жардамчысы Хоуп Хикс андан коронавирус аныкталганын, мындан улам Трамп өзүн карантинге алганын билдирген.

Белгилей кетсек, Трамп АКШда шайлоо өнөктүгү кызып жаткан маалда ооруп калды. Өлкөдө президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт.

Количество просмотров: 124