Бишкек.23.11.2018.Govori.TV
Бишкекте Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө бычакталып каза тапкан 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын дубалга тартылган портрети пайда болду.
Портрет Логвиненко көчөсүндө жайгашкан Бишкек медициналык колледжинин жатаканасынын дубалына тартылды. Бул эмгектин авторлору — Сергей Келлер менен DOXA Art-group чыгармачылык тобу болуп эсептелинет. Маалыматка караганда, портретти тартууга беш күн убакыт кеткен.
Сүрөттү дубал бетине түшүрүүгө медициналык колледждин жетекчилиги уруксат берсе, «Аялдарды колдоо борбору» демилгелеген.
«Биздин оюбузча, бул кыздын трагедиялуу окуясын элдин баары билет… Эмгек коомчулуктун көңүлүн гендердик зомбулук көйгөйүнө буруу үчүн жасалды», — деген сүрөттун автору.