• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Дзюдочу Нурсултан Сталбек уулу сууга чөгүп каза болду.

28 Теке 201820:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.07.2018.Govori.TV.
Кыргызстандык дзюдочу Нурсултан Сталбек уулу сууга чөгүп каза болду. Бул туурасында КРдин Дзюдо федерациясынын Facebook баракчасында жарыяланды.
Окуя 27-июлда болгону кабарланды. Cпортчу Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата аймагында сууга чөккөндүгүн айтылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча спортчу пирстен сууга секирип, буту тырышып, сууга чөгүп кеткен. Куткаруучулар аны суудан алып чыгып, жардам көрсөткөнү менен, өмүрүн сактай алышкан эмес.

Нурсултан Сталбек уулу 1993-жылы Чүйдүн Байтик айылында туулган. Дзюдо боюнча чебери, КРдин чемпиону аталган. 2014-жылы жаракатынан улам чоң спорттон алыстап, ИИМдин кайгуул күзөт кызматында иштеп жаткан.

 

 

Количество просмотров: 71