• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ээнбаштыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

28 Чын куран 2021 18:37 Бишкек Govori.TV

Ээнбаштыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын кырк алты жаштагы жашоочусу (аял киши) ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, ээнбаштык фактысы боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

2021-жылдын 8-апрель күнү болжол менен саат 21:00до Ош — Кара-Суу унаа жолунда чала тааныш адам эч себепсиз арыз ээсинин денесине зыян келтирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материал кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бул укукка каршы аракеттерде криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнүн тиешеси бар болгондуктан, бул иш боюнча ыкчам иш-чараларды ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүшкөн.

Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери 26-апрель күнү Ош шаарындагы мейманканалардын биринен жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Ош облусунун жашоочусу 1982-жылы туулган Д.А. аттуу жаранды кармашкан.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жаран Д.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 143