31-август- Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаардык мэриясы бир катар маданий иш-чараларды өткөрөт. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Башкы концерт 31-августта саат 19:30да Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен өтөт.
«Күндүз «Ден соолук» сейил багында саат 16.00-19.00 райондун балдары үчүн спорттун 5 түрү (волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол эстафетасы, аркан тартыш) боюнча спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондой эле «Ден соолук» сейил багында 16:30да экстремалдык спортчу Алексей Владимирович Тепляшиндин 3 автобусту өз күчү менен сүйрөп, рекорд көрсөтүүсү пландалууда»,-деп айтылат маалыматта.