• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстанда 11 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

29 Баш оона 2023 12:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата 11 миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдириштию

Маалыматка ылайык, 30-августтан 1-сентябрга чейин КР Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ИИМдин өздүк курамы «Жогорулатылган» күжүрмөн даярдык баскычында кызмат өтөөгө өтөт.

«Учурда жер-жерлерде саптык кароолор өткөрүлүп, анда милиция кызматкерлеринин сырткы келбети, кызматтык форманы белгиленген тартипте кийип жүрүүсү, кызматтык документтери текшерилип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, ар бир аймактарга жооптуу жетекчилер бекитилип, кызматкерлерге кызматтык милдетти так аткарып, жарандар менен сылык мамиледе болуп, мыйзамдуулукту сактоо боюнча нускамалар жеткирилип жатат.

Количество просмотров: 64