• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эки баласы менен өлтүрүлгөн келин. Шектүү жок кылынды

24 Бугу 202410:11 Бишкек Govori.TV

Таласта үч адамды өлтүрүүгө айыпталган шектүү кармоо учурунда жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-май күнү түнү Айтматов районундагы айылдардын бириндеги үйдөн үч жарандын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу келгенде каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрүнө, 27 жаштагы аялга жана анын эки жана төрт жаштагы балдарына таандык экени аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө киши өлтүрүү болгондугу такталган, денелеринде көптөгөн жараттар бар экендиги аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү жаран аныкталып, ал мурун адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен соттолгон, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.Н. экендиги такталган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, тоо аркылуу качып кетүүгө аракет кылган. Тоодо кармоо учурунда шектүү 1976-жылы туулган К.Н. жок кылынды.

Теги:
Количество просмотров: 1614