Чүй облусунда экстремисттик материалдарды таратууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Facebook социалдык тармагында жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө “Аза Асанбеков” аттуу аккаунттун колдонуучусу Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик уюмдардын идеяларына окшош материалдарды таратып жаткандыгы аныкталган.
Бул факт каттоого алынып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, изилденген видеожазуу BURANA INFO сайтына жайгаштырылганы белгилүү болгон. Аталган сайт тыюу салынган диний уюмдардын маалыматтык ресурсу болуп эсептелет.
Ошондой эле “Аза Асанбеков” аттуу аккаунт Turkiston.kg сайтындагы макаланы өз баракчасына жарыялаганы аныкталган. Аталган сайт Кыргызстанда тыюу салынган жана “Хизб-ут-Тахрир” эл аралык экстремисттик уюмунун пропагандалык маалыматтык ресурсу болуп эсептелет.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Аламүдүн РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция тарабынан аталган аккаунттун ээси 39 жаштагы Ш.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Чүй облустук милициясы жарандарга экстремисттик материалдарды таратууга жол берилбестиги жана мындай аракеттер үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертет.