• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эл аралык уюмдар Темировго коюлган айыптарды алып салууга чакырышты

4 Бугу 2022 13:48 Бишкек Govori.TV

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин журналист Болот Темировго коюлган айыптарды алып салууга жана анын мыйзамдуу журналисттик ишмердигин коркутуу жана куугунтуксуз жүргүзүүгө чакырышты.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) кыргызстандык журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштеринин саясий жүйөсү бар экенин белгилеп, кайрылуу жолдошту. Кайрылуу 3-майда Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк уюмунун сайтына жарыяланды. Анда Темировго козголгон кылмыш иштери Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу доо кетиргени айтылат.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Анын алдында журналист Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 239