• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Элчи Бекназаров Малайзияда эмне иш кылып жатат?

9 Жалган куран 2020 12:56 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 5-мартта Куала-Лумпур шаарында, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азимбек Бекназаров Малайзия Тышкы иштер министрлигинин Протокол Департаменттин Директору Ван Заиди бин Ван Абдулла мырзага ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Аземдин жүрүшүндө Элчи А. Бекназаров Ван Заиди бин Ван Абдулла мырзага Кыргызстандагы азыркы кырдаал жөнүндө айтып берди, ошондой эле Малайзия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берүүдө кыргыз тарабынын жогорку кызыкдарлыгы жөнүндө билдирди.

ТИМдин Протокол Департаменттин Башчысы Кыргыз Республикасынын жаңы Элчисине алдыга коюлган пландарынын ишке ашырылышына ийгиликтерди каалады

Количество просмотров: 271