• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Элдик курултай: Президент Кемпир-Абад келишимине каршы болгондорду сынга алды

25 Жетинин айы 2022 12:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад маселесине токтолду.

«Ар бир аракетибиз мамлекеттин кызыкчылыгына багытталып жатканын чек аранын чечилишине күмөн санаган мекендештерибизге ийне-жибине чейин чечмелеп бердик. Чек ара эки жол менен гана чечилет. Кыргызстан чек аранын тынчтык жолу менен чечилишин карманып келет. Кемпир-Абадды бетке кармап, жеке кызыкчылыктарын көздөгөндөрдүн аракеттери ишке ашкан жок. Чек аранын биздин пайдага чечилип жатканын көрө алган, түшүнө алган, салмактуу ой жүгүртө билген, «Чубактын кунундай чубалжытпай «, дагы канча кагылыштарга себеп кылбай чек ара маселесин биротоло чечүүнү колдоп берген эл-журтубузга дагы бир жолу ыраазычылык билдирем», -деди Жапаров.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапкан.

Эске салсак, Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Количество просмотров: 1500