8-сентябрда британ ханышасы Елизавета II Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында каза болду. Мунун алдында Букингем сарайынын басма сөз кызматы британ ханышасынын ден соолугу начарлап, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынганын билдирген.
Балморал сарайына британ ханышасынын тун уулу, тактынын мураскери ханзаада Чарльз жана анын жубайы Камилла, ошондой эле Чарльздын уулу ханзаада Уильям барды.
96 жашында дүйнөдөн кайткан Елизавета II Британияны 70 жыл башкарып, анын бийлиги учурунда 15 премьер-министр алмашты. Өлкөнүн мурдагы колониялары эгемендикке жетишти. Елизавета II Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болуп калды. Ал падыша тактыны 1952-жылы 6-февралда атасы Георгий VI көз жумганда ээлеген. Буга чейинки рекорд анын чоң энелери, тактыда 63 жыл 7 ай отурган ханыша Викторияга таандык.
Булак: Азаттык.