• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Елизавета II элчи Эдил Байсалов менен жолугушту

21 Жетинин айы 20199:53 Бишкек Govori.TV

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Кыргызстандын элчиси Эдил Байсалов менен жолугушту. Бул тууралуу королдук сарайдын расмий маалыматында айтылды.

Жолугушуу 19-ноябрда Букингем сарайында болгон.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 11-июнда дайындалган. Буга чейин Улуу Британияда элчилик кызматты Гүлнара Исакова аркалап келген.

Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 12-июнда түзүлгөн.

Количество просмотров: 154