Өздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган белгисиз адамдар “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери тууралуу маалымат чогултушкан. Бул тууралуу аталган агенттик маалымдады.
Маалым болгондой, “ПолитКлиника” медиасынын жооптуу редактору Ырысбү Кылычбек кызы жакын туугандарына жана журналисти Адахан Аманатовдун мектебине барып, УКМКнын кызматкерибиз деп тааныштырган белгисиз адамдар жеке маалыматтарын сураштырышкан.
Бул тууралуу УКМК азырынча маалымат бере элек.