Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына («ЭлТР») жаңы башкы директор келди. Калыкулов Керимбек Акматалиевич тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 13-январда билдирди.
Буга чейин бул кызматты Айбек Мусаев ээлеп келген.
Калыкулов Керимбек Акматалиевич 1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
«Ош шамы» гезитинин башкы редактору;
Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси;
Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу;
Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору;
«Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары;
Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси;
2014-жылдын июлунан бери «Телеканал ОшТВ» ЖЧКсынын башкы директору.