• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Эмне үчүн чекисттерге эле үй бериле берет?». Президенттин жообу

24 Баш оона 2022 15:19 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Бишкек шаарында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң рол ойноорун белгиледи.

Президент азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтары, дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр чекисттерден өтө чоң жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кыларын өзгөчө белгилеп, мамлекет аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу программасын ишке ашырууда мындан ары да ырааттуу аракеттерди жүргүзө турганын айтты.

“Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын тынчтыгын камсыздоодо болгон аракетиңиздерди күчөтүп, чекисттик салттарды бекем сактап, мамлекеттин, улуттун келечеги үчүн ар дайым өз салымыңыздарды мындан ары дагы кошосуздар деп терең ишенем!”, — деди Президент.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы мугалимдер менен медиктерди жеңилдетилген шарттагы турак-жай менен камсыздоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

 “Коомчулукта ар кандай сөздөр бар. “Эмне үчүн  ушул чекисттерге эле бере берет? Квартира дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип атабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз.  Ушуну эсиңиздерге  алып койушуңуздар керек”, — деди Садыр Жапаров иш-чарага катышкандарга кайрылып.

Количество просмотров: 3742