• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүү токтотулат

19 Аяк оона 202215:09 Бишкек Govori.TV

Эртең, 20-сентябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин түштүк-чыгыш тарабына таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, муздак суу «Контррезервуар» суу алгычында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу өчүрүлөт.

Өчүрүү аймагы: Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы. “Алтын Ордо”, “Кара-Жыгач”, “Полиция шаарчасы” конуштары.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 128