• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт

4 Чын куран 202215:24 Бишкек Govori.TV

Эртең, 5-апрелде Бишкектин бир катар жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 17:00гө чейин «Красный строитель», «Ак-Тилек», “Көлмө”, «Алтын Бешик», «Салам Алик» конуштарында жана Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская, Ала-Арча, Жибек-Жолу, Жаш Гвардия, Саадаев көчөлөрүндө жана Чоң Чүй канал аймагында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Таза суу аталган көчөлөрдө жайгашкан мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелеринде дагы жок болот.

Количество просмотров: 297