Коронвариус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын колледждерине 2020-2021-окуу жылында тапшыруу онлайн түрдө ишке ашырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, абитуриенттерди окуу жайга кабыл алуунун биринчи туру 20-июлдан 22-июлга чейин уланат.
Министрлик бул жараянды ишке ашырчу «Абитуриент Online» (www.2020.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты.
Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы жылы колледждерге тапшыруунун алгоритмин эскертет.
Абитуриент тапшыруу үчүн төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
Азыркы учурда Кыргызстанда 144 колледж иш алып барат. Колледждер 129 адистик боюнча окутат. Ар бир областтагы 8 колледждин базасында Алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлгөн, аларда жаңы стандарттар жана окуу программалары пилоттолууда.
• орто жалпы билими жөнүндө аттестат же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүк,
сүрөттөр.
Мындан тышкары, абитуриент сайттагы өзүнүн рейтингине мониторинг жүргүзө алат, ал үчүн өзүнүн аттестатынын (күбөлүгүнүн) номерин билүүгө тийиш.