• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эртең Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму болот

30 Үчтүн айы 2020 9:41 Бишкек Govori.TV

31-январда саат 11:00дө Жогорку Кеӊеште Кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын отуруму уланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана «Азаттык» үналгысынын жетекчилери чакырылган.

Аталган депуттаттык комиссия 2019-жылы 21-ноябрда түзүлгөн.

Эске салсак, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулда атылып өлтүрүлгөн.

Количество просмотров: 71