• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Каржы пирамидасын уюштурганы үчүн издөөдө жүргөн кытай жараны Бишкекте кармалды

25 Чын куран 2022 11:51 Бишкек Govori.TV

Өз өлкөсүндө алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен ири суммадагы акча каражатын ээлеп алган Кытайдын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлеринин мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүшкөн иш-чараларынын жүрүшүндө 2013-жылы Кытайдан Кыргызстанга келген жаран 1971-жылы туулган Ч.Ч. аныкталган. Ал 2014-жылдан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн жана расмий органдарга өзүнүн келгендигин мыйзамдаштыруу үчүн кайрылган эмес.

Жогорудагы кытай жараны Ч.Ч. Пекин шаарындагы компаниялардын биринин башкаруучусу кезинде 2013-жылдын март айында алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен 200 млн юань суммасындагы депозитти алып чыгып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча чет өлкөлүк жаран Ч.Ч.га карата Интерпол Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун багыты боюнча эл аралык издөө жарыяланган.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргызстандагы Интерпол улуттук борбордук бюросу менен биргеликте жүргүзүшкөн иш-чаралардын жүрүшүндө 2022-жылдын 19-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагынан Кытайдын жараны 1971-жылы туулган Ч.Ч. кармалган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Ч.Ч. карата №1-тергөө абагына 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Азыркы учурда мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө. КР Башкы прокуратурасы аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу маселени карап жатат.

Количество просмотров: 86