• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Европарламент Украинага ЕБга кирүүгө талапкер өлкө макамын берүүнү колдоду

2 Жалган куран 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

Шейшемби, 1-мартта Европарламент көпчүлүк добуш менен Украинанын Европа Биримдигине кирүү арызын карап, ага талапкер өлкө макамын берүүгө чакырган резолюцияны кабыл алды. Документте керектүү жол-жоболордун баары аткарылышы керек экени белгиленген.

Мурдараак Украина бийлиги Евробиримдикке тездетилген процедура менен кабыл алуу жөнүндө арыз жазган.

Резолюцияда Орусиянын Украинага каршы чабуулу айыпталып, беларус жетекчиси Александр Лукашенконун агрессиядагы ролу белгиленген. Документте Украинага гуманитардык жардам берүү жана качкындарга кам көрүү чакырыгы камтылган.

Резолюцияда Орусиядан мунай жана газ экспорттоону чектөө, Орусияга жаңы инвестиция салууга тыюу салуу, Орусияны толугу менен SWIFT системасынан өчүрүү сунуштары бар. Орусия жана Беларустун “жогорку кызматтагы коррупционерлерине” каршы санкция салуу да колдоо тапты.

Депутаттар видеобайланышка чыккан Украина президенти Владимир Зеленскийди кол чабуулар менен кубатташты. Зеленский өз билдирүүсүндө украиналыктар орусиялык агрессияга каршы туруп, миңдеген курмандыктардын баасы менен гана Евробиримдиктеги өлкөлөрдү Украинаны колдоо үчүн бириктирүүгө араң көңүл бурдурганын айтты.

Эреже боюнча ЕБга кирүү жөнүндө сүйлөшүүлөр узак убактытка, айрым учурда 10 жылдан ашык созулат. Бир катар өлкөлөр Украинаны ЕБга тезинен киргизүүнү кубатташты, бирок европалык лидердер ыктымал мөөнтөт жөнүндө кеп кылуудан карманып турушат.

Количество просмотров: 114