• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Фархад Бекманбетов циркке жетекчи болду

24 Үчтүн айы 2019 13:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV

А.Изибаев атындагы Мамлекеттик цирктин директору болуп Фархад Бекмамбетов дайындалды. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министр Жаманкулов кол койгон.

Эске сала кетсек, Фархад Бекмамбетов коомдук “Айтыш” фондунун директору, КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматтарын ээлеп келген.

Андан тышкары ал 30дан ашуун кыска метраждуу кинотасмалардын, 4 анимациялык жана 5 толук метраждуу кинотасмалардын продюсери.

Эске сала кетсек, цирктин мурдагы директору 2018-жылдын 20-декабрында кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 28