• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын кароо боюнча отурум башка күнгө которулду

25 Бештин айы 2020 10:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын кароо боюнча бүгүн, 25-декабрга белгиленген отурумду башка күнгө которду. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирип, аны тергөө абагынан сотко алып келишпегендиктен улам отурум 28-декабрга которулганын айтты.

Жактоочулар шаардык сотко райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Ниязовду үй камагына бошотууну өтүнүп кайрылышкан.

Быйыл 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башаламандык үчүн шектүү катары кармалган Ниязовду Биринчи Май райондук соту тергөө абагына камап, мындай бөгөт чарасынын мөөнөтүн 10-февралга чейин узарткан.

Количество просмотров: 64