• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Фейктер жөнүндө мыйзамды өзгөртүү эмне үчүн маанилүү? Демилгечилердин түшүндүрмөсү

15 Жетинин айы 2022 11:30 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чынгыз Айдарбеков «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда өткөн тегерек столдо демилгечи эл өкүлдөрүнүн бири Гуля Кожокулова билдирди.

Депутат белгилегендей, мыйзам долбоорунда фейктер тууралуу мыйзам «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөгү» мыйзамга жана Административдик-процесстик кодексинин жоболоруна каршы келери жазылган. Анда, авторлордун айтымында, ансыз деле мамлекеттик органдардын чечимдерин кароо жана даттануу жол-жоболору такталган.

«Демилгечилер интернет тармагында ага карата анык эмес (жалган) маалымат таркатылган арыз ээси интернет тармагындагы сайттын ээсине же сайттын баракчасынын ээсине сайттан же сайт баракчасынан анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу жана мурда жайгаштырылган анык эмес (жалган) маалыматты жокко чыгаруучу маалыматты жайгаштыруу жөнүндө арыз менен кайрылууга укук берип, ошол эле учурда маалыматты алып салуу жөнүндө арыз маалыматтын анык эмес (жалган) экендигин негиздеген фактыларды камтууга тийиш деген норманы киргизүүнү сунуштап жатабыз. Интернет тармагындагы сайттын же сайттын баракчасынын ээси анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу тууралуу талап келип түшкөн күндөн тартып үч күндүн ичинде карап чыгууга милдеттүү болот. Арыз ээсине баш тартылган учурда, ал минкаб аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө же электрондук түрдө арыз менен кайрылууга укуктуу. Өзгөртүүлөргө ылайык, арызды кароого милдеттүү түрдө арыз ээсин жана Интернет тармагындагы сайттын же сайттын баракчасынын ээси чакырылат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн же сот тартибинде даттанылат деп айтылат мыйзам долбоорунда. Аны менен катар, сайттарды ээлери арыз түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде бузууларды жөнгө салышы керек деген ченемдин кереги жок», — деди ал.

Чуу жараткан «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга 2021-жылдын 23-августунда президент Садыр Жапаров кол койгон. Мыйзам долбоорунда интернет колдонуучулардын анонимдүүлүнүн жоюп, эгер жалган же такталбаган маалымат чыккан болсо соттун чечимисиз эле сайтты жабуу каралган.

Февраль айында Маданият министрлиги фейктер тууралуу мыйзамды аткаруу боюнча токтом иштеп чыккан. Документке ылайык, мамлекеттик орган арыздарды жана даттанууларды кабыл алып, анык эмес маалыматты таратты деген сайттарды убактылуу жабуу менен алектенет.

Август айынын аягында убактылуу жабууга 24.kg маалымат агенттиги да туш болгон. Анда Амбассадор» мейманканасы Маданият министрлигине 24.kg басылмасына арызданып кайрылган, алар сайтта чыккан маалыматты чындыкка коошпойт деп эсептешкен. Териштирүүлөрдөн кийин Маданият министрлиги сайтты жабуу боюнча чечимди артка чакыртып алууну чечкен.

24-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды.

Министрлик тараткан билдирүүдө «маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү» айтылат.

Катта 16-сентябрда «Настоящее время» телеканалынын түз эфиринде “Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы катуу салгылаштар” деген аталыш менен чыккан берүүсүндө «кастык маанайдагы сөздөр колдонулуп, такталбаган маалымат» айтылганы белгиленген.

Количество просмотров: 62