Фейк маалыматтарга даттануу тартибин жөнгө салган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун өзгөртүү сунушталып жатат.
Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары: Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Чыңгыз Айдарбеков.
Депутат Гуля Кожокулова учурдагы мыйзамда бардык укуктар арыз ээсине берилип калганын белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.
16-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду биринчи окууда колдогон.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам 2021-жылдын август айында кабыл алынып, мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.