• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Финпол менен ЖАМК ИИМге өтөт. Министрликтин жаңы түзүмү

2 Бирдин айы 2021 11:26 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ИИМге өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, өкмөттүн жаңы түзүмү иштелип чыгып, айрым бөлүмдөр жоюлат. Мисалы, Финансы полициясынын милдеттери Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилет.
Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматы жана анын алдындагы «Унаа» ишканасынын милдеттери да ИИМдин карамагына өткөрүлөт. Ал эми ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы УКМКнын карамагына өтүшү ыктымал.

Эске салсак, премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын 1-февралдагы жыйынында өкмөттүн курамында кыскартуулар болорун айткан. Ал 22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калтырыларын айткан.

Количество просмотров: 11062