УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ири өлчөмдө мыйзамсыз акча каражатын алганын аныкталган.
«2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында финполдун экс-төрагасы “Т.Б.Б.” (Бакир Таиров) бир саясий партияны каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик органдагы жетекчилердин биринен ири суммадагы акча берүүсүн мажбурлаган», — деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Т.Б.Б. кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.