• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Флорида соту Дональд Трампка карата козголгон ишти токтотту

16 Теке 202410:54 Бишкек Govori.TV

Флорида соту жашыруун документтерди мыйзамсыз сактаган, кутум уюштурган жана жалган билдирүү жасаган деген айып менен АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка карата козголгон ишти токтотту.

Мындай чечимди мурда Трамптын сунушу менен судья болгон Айлин Кэннон чыгарды. Ал атайын прокурор Жек Смит мыйзамсыз дайындалган жана ишти тергөөнү жетектөөгө укугу болгон эмес деген токтом чыгарды.

Смитти АКШнын башкы прокурору Меррик Гарланд дайындаган. Сот жогорку федералдык чиновниктерди дайындоого президент менен Сенат гана укуктуу деп чечти.

Жогорку Сот Трамп юридикалык иммнитетке ээ деген чечим чыгарды.

Количество просмотров: 92