• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Фоторепортаж — Президент тарабынан Султан Ибраимовго «КРнын баатыры» наамын ыйгаруу сунушталды

21 Жетинин айы 2018 13:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.11.2018.Govori.TV
Бүгүн 21-ноябрда  Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында  мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90-жылдык мааракеси Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү.
Өлкө башчы сүйлөгөн сөзүндө Султан Ибраимов аз бирок, саз жашаганын эскертүү менен ага «Элдик баатыр» деген наам берүүнү сунуштап өттү.
 «Султан Ибраимов элдин оюнда, жүрөгүндө эчак эле «Элдик баатыр» болуп калган. Тилекке каршы,  бул наамды ага  расмий ыйгарууга 2017-жылы кабыл алынган мыйзам жол бербейт экен. Султан Ибраимовдун кыргыз мамлекети үчүн жасаган эмгегин татыктуу баалоо иретинде, кийинки муундун урмат-сыйын билдирүү максатында мен Султан Ибраимовго „Кыргыз Республикасынын Баатыры“ ардактуу наамын ыйгаруу туура болот деп эсептеймин. Ал үчүн депутаттардан мыйзамга тийиштүү өзгөртүү киргизүүнү өтүнөт элем. Парламент каршы болбойт деп ишенем. Мыйзам кабыл алынса, тийиштүү Жарлыкка кол койгонго мен даярмын», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.
Эскерте кетсек, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимов мезгилинде республиканын суу-чарба министринен тартып, Кыргыз ССРинин министрлер советинин төрагалык кызматтарын татыктуу аркалаган. 1980-жылы 4-декабрда канкордун колунан каза тапкан. Ал болгону  53 жыл гана өмүр сүргөн.

 

Количество просмотров: 25