• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Фоторепортаж — Президенттин катышуусунда «Ислам азыркы светтик мамлекетте» аталышындагы II эл аралык конференциясы өттү

15 Жетинин айы 2018 12:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.11.2018.Govori.TV

 «Конфессиялар ортосундагы ынтымакты, ошондой эле динге ишенгендер менен өздөрүн динден тышкары эсептегендердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана сый мамилени чыңдоо керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда «Ислам азыркы светтик мамлекетте» II эл аралык конференциясында.
 Конференцияга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мамлекеттик органдардын, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери, белгилүү эксперттер жана окумуштуулар катышышты.
КРнын президенти Соронбай Жээнбеков конференцияда төмөнкүдөй сөз сүйлөдү.
«Алыстан ат арытып, биздин өлкөгө келген бардык конокторубузга Кыргызстан элинин атынан терең ыраазычылык билдирем! Кыргыз жергесине кош келиңиздер!
Бул конференциянын темасы бардык өлкөлөрдө, бардык мезгилде актуалдуу бойдон кала берээрин далилдеп отуруунун кажети жок. Бүгүн каралып жаткан маселелер биздин мамлекет жана коомчулук үчүн да өтө орчундуу.
Анткени Кыргызстанда мамлекет менен диндин ортосундагы карым-катнашты ырааттуу жолго коюу үчүн бүгүнкү конференциянын пайдасы тийчү маселелер  дагы эле аз эмес.
Совет мезгилинде толук тыюу салынып, көз карандысыздык учурунда эркиндик берилген  диний чөйрөдө чечилбей калган өтө маанилүү маселелер бар. Мисалы, ички диний ишенимге эч кимдин киришүүгө акысы жок, ал эми  диний ишмердик менен мамлекеттин карым-катнашы кандай болушу керек?
Бул суроого жооп издеп, дүйнөлүк тажрыйбага кайрылсак, ар кайсы мамлекеттердин ар башка саясатын көрдүк.
Кээ бир өлкөлөр „мамлекет дин иштерине кийлигишпейт“ деген позицияны карманышат.
Айрым мамлекеттер кандайдыр бир динге расмий же мамлекеттик деген статус беришкен. 25тен ашуун өлкөдө ислам дини мамлекеттик статуска ээ.
Традициялуу диндер деген түшүнүктү өз конституцияларында белгилеген мамлекеттер аз эмес.
Мамлекет тарабынан айрым бир дин өзгөчө колдоого ээ болгон. Тескерисинче, кандайдыр бир диндин үстөмдүгүнө тыюу салган мамлекеттер да бар.
Жалпылап айтканда, ар бир мамлекет өзүнүн тарыхына, маданиятына таянып,  келечек жолун эске алып, мамлекет тарабынан диний чөйрөнү тескөө саясатын аныктайт.
Биз дагы жалпы коомчулуктун талкуусу менен жактырылган Өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга ылайыктуу болгон диний саясатты ишке ашыруубуз зарыл.
Жогорудагы мисалдар далилдеп тургандай,  мамлекеттин диний саясаты үчүн сырттан алчу даяр үлгү жок, ал бүгүнкүдөй кадыр-барктуу конференциялардагы талкуулардын негизинде жаралат»,-деди президент.

 

Количество просмотров: 25